Ички иштер органдарынын криминалисттик бөлүктөрүнүн кызматкерлери окуу курсунан өтүүдө. Негизги максат - кылмыштарды тергөө жүргүзүү учурунда окуя болгон жерди кароону уюштуруу боюнча кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатуу.
Иш-чара ИИМдин ыкчам-криминалисттик борборунун жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, Балыкчы шаарында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалисттик түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерине өтүлүп жатат. “Окуя болгон жерде кароо методикасы” окуу курсу 27-сентябрда башталган. Окуу 11-октябрга чейин уланып, жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.