Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүп, текшерүүлөргө коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Алмаз Шаршенбеков билдирди.
Анын айтымында субъектилерди текшерүү боюнча мораторий ушул жылдын 16-сентябрында алынды. Мораторий үч жыл мурда өкмөттүн токтому менен бекитилген. Эл арасында тамак-аштан уулануу фактысынын катталышы, ишкерлер тарабынан ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылганы, ошондой эле жеке гигиена, сактоо жана ташуу эрежелеринин бузулушу, ЕАЭБ жана жергиликтүү мыйзамдар аткарылбагандыктан мындай чечим кабыл алынган. 15-сентябрдан баштап чечим күчүнө кирди -деди Алмаз Шаршенбеков.
"Ветеринардык-санитардык талаптарды бузгандарга 1 миңден 30 миң сомго чейин айыппул салынат. Текшерген инспекторлор бузуу фактысын аныктаса, салынган айыппулдун өлчөмүнүн 25 пайызын алат",- деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Алмаз Шаршенбеков.