ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Баш консулдугу, Евразия жазуучулар союзу, Стамбул шаарындагы Түрк элдеринин маданият борбору жана "Жолон Мамытов" атындагы коомдук фондунун демилгеси менен ушул күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында чыгаан акыныбыз, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун адабият күндөрү өтүүдө.
28-сентябрь Стамбулдун Топкапе түрк дүйнөсү маданий жайында Жолон Мамытовдун 80 жылдыгынын алкагында адабий күнү белгиленди. Саамалыкта Кыргызстандан барган белгилүү жаш акындар улуу таланттын ырын көркөм окушту. Салтанатта ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Дүсен Касеинов, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкова, Түрк Кеңешинин баш катчысынын орун басары Султан Раев, Түрк дүйнөсүндөгү Мэрлер биримдигинин башчысы Фахри Солак, Евразия Жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу, Маданият борборунун мүдүрү Мурат Аббас, профессорлор Рамазан Коркмаз жана Орхан Сөйлемез, Кыргыз Республикасынын эл акыны Меңди Мамазаирова, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегиндер акын тууралуу жылуу сөздөрүн айтып, эскеришти.