Жаңылыктар
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Х пленардык сессиясы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Х пленардык сессиясы өттү

Казакстандын Түркстан шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Х пленардык сессиясы өттү. 

Жыйынга ТүркПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламент төрагалары катышты. Анда парламенттер аралык кызматташууну, мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогду, саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, укуктук жана башка тармактардагы мамилелерди өнүктүрүү туурасында сөз болду. Күн тартибинде жалпы 14 маселе каралып, ТүркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу бир жылдык отчету, 2022-жылга бюджети, Баш катчы жана анын орун басарлары бекитилди. 

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык бардык мүчө-өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын айтып, кызматташууну өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын маанилүү ролун белгиледи. Айта кетсек, ТүркПАнын кийинки жыйыны Бишкекте өтөт.