Центерранын жетекчилиги мындан ары Кумтөрдөгү мурда ээлеп турган кызматтарына кайтып келе албайт. Мындай пикирин жарандык активист жана жарандык ассоциациялардын дүйнөлүк лигасынын мүчөсү Марат Жуманазаров билдирди.
Айтымында, бул маселеде эл Президент Садыр Жапаровду колдойт.
"Мамлекет башчысы бул кырдаалды баары бир аягына чейин жеткирет деп ишенем. Эл эми баарын артка кайтарууга жол бербейт, анткени ар бир кыргызстандык "Кумтөр" биздин улуттук байлыгыбыз экенин түшүнөт. Баарыбызга каршы чыгуу керек болот, мен өзүм биринчилерден болом. Ушунча жылдан бери алар биздин алтынды уурдап, экологиябызды талкалап салышты. Канадалыктар чындап эле биздин өлкөнү талап -тоноо үчүн беребиз деп ойлоп жатышабы", - деди Жуманазаров.