Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн «Салам, мектеп!» иш-чарасы жыйынтыкталды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей анын жыйынтыгы менен 12 жаш өспүрүм билим берүү мекемелерине, 9-классты бүтүп мектепте окубагандар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган 9 жашы жете элек аныкталып, алардын ичинен кароосуз калган 1 бала, соода жана көңүл ачуу комплекстерде иштеп жүрүшкөн 8 өспүрүм аныкталган. Мындан сырткары, ар бир өспүрүм боюнча жергиликтүү балдар иштери боюнча комиссияларына, социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө жана башка тийиштүү органдарга атайын сунуш каттары жөнөтүлдү.