Бишкекте бир жумада 224 чет өлкөнүн номерлери менен жүргөн айдоочулар жол эрежесин бузгандыгы аныкталды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей 17-сентябрдан 25-сентябрга чейин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.
Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган беш автоунаа айып короосуна киргизилген.