Жолдорду оңдоп-түзөөгө жана тейлөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд 235 млн 459,8 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.
Айтымында, үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен жол тармагын жалпы каржылоо 1 млрд 530 млн 206,3 миң сомду түздү.