Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: гуманитардык билим берүүдөгү кызматташуу маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Россия: гуманитардык билим берүүдөгү кызматташуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда гуманитардык билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар илимий жана билим берүү иш-чараларынын алкагында өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду колдоого даяр экендиктерин билдиришти. Элчи айым университеттин профессорлорунун тажрыйба алмашуусу жана синхрон котормочу катары квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. 

Гүлнара-Клара Самат окуу жайдын студенттери менен жолугуп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына урматына лекция окуду. Ал улуттук маданиятты, салттарды жана жалпы адамзаттык руханий-адептик баалуулуктарды сактоо максатында, ошондой эле Президенттин "Жеке адамдын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу үчүн Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160-жылдыгына арналган дүйнөлүк эпостордун VI эл аралык фестивалы өткөнүн белгиледи.