“Кумтөр" алтын кенинен эки айдын ичинде эле, 20 жылда алынган пайда түштү". Мындай пикирин “Талас куту” ассоциациясынын төрагасы, жергиликтүү кеңештин депутаты Эмир Парпиев билдирди.
Айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясынын сотко бериши күтүлгөн кадам болчу. Бул компания экологияга олутуу зыян келтирди. Андыктан эл аралык сот маселени Centerraнын пайдасына чечиши мүмкүн эмес-деди Парпиев. Анын айтымында Президент Садыр Жапаровго чейин “Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруу боюнча аракеттерди жасоого бир да бийликтин күчү жеткен эмес.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап “Кумтөр” компаниясы Кыргызстандын ички башкаруусуна өткөн.