Жаңылыктар
Кумтөрдү сабырдуулук менен кайтаруу керек
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөрдү сабырдуулук менен кайтаруу керек

“Кумтөр” алтын кенин мамлекетке кайтаруу боюнча маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. 

Канадалык компаниянын экологияны бузуп, биздин чиновниктерди сатып алуу менен маселени чечип келгени карапайым калктын зээнин кейитип келген. Учурдагы бийликтин алтын кенди мамлекетке кайтаруу демилгеси эл тарабынан жакшы кабыл алынып, жалпы жумурай-журт бул кадамды колдогону байкалууда-деди эксперт Гамал Сооронкулов. 

Анын айтымында Кумтөр кенин мамлекеттин карамагына акырындык менен, сотторду утуп, мыйзамдын чегинде гана кайтаруу мүмкүн. Эксперттин пикиринде алтын кенин тез арада мамлекетке кайтаруу маселеси тез аранын ичинде эле чечиле калбайт. Талдоочунун пикиринде бул маселелер узак убакытты талап кылат. Мындан улам Гамал Сооронкулов коомчулукту сабырдуулукка чакырды.