Жаңылыктар
Мектепте санитардык эрежелер толук сакталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мектепте санитардык эрежелер толук сакталууда

Бишкек шаарында билим берүү кадимки тартипте уланууда. Жалпы 97 муниципалдык билим берүү мекемесинде 78 миңден ашык бала санитардык эрежелер менен окуп жатат. Мугалим жана башка кызматкерлер күнүгө текшерүүдөн өтүп турат. 

Окуучулардын мектепте билим алып жатканына эки аптадай болду. Окуу жылы пандемия шартында башталганына байланыштуу агартуу жайларына бир катар санитардык эрежелерди сактоо талабы коюлган. Эрежелерди сактоо жана окуучулар менен мугалимдердин абалы күн сайын текшерилип турат.