Мындан ары коомдук жайларда тамеки, кальян жана курамында ар кандай кошулмалары бар электрондук тамеки, никотин колдонууга уруксат берилбейт. Жарандардын ден соолугун тамеки, никотин кесепеттеринен, чылым түтүну, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Максаты-калк саламаттыгын коргоо, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын жүзөгө ашыруу.