Билим берүү системасы улам өзгөрүп, өнүгүүнү талап кылууда. Мындан улам Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугуп, мезгил талабына жараша иш алып барууну талап кылды. Пандемия бул тармакка да олуттуу зыян алып келди. Эки жылдай аралыктан окуган балдардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн азыр биргелешкен аракет керектиги белгиленди.