Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында өлкө казынасына дагы 1 миллиард сомдон ашык пайда түштү. Бул мамлекеттин пайдасына кайтарылган радиожыштыктарды сатуудан түшкөн киреше. Буга чейин үч лот боюнча онлайн-аукцион өтүп, үч компания жеңүүчү аталды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы УКМК менен Аскер прокуратурасы радиожыштыкка байланыштуу коррупциялык фактыларды аныктап, бир катар кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.