Жаңылыктар
Бишкекте жол кире акысы 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жол кире акысы 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт

1-ноябрдан баштап коомдук транспорттордун жол кире акысы көтөрүлдү. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары колдоду. 

Мындан улам автобус жана троллейбустар 11 сомго, маршруттук таксилердин жол кире акысы 15 сомго жогорулайт. Буйрук 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет. 

Белгилей кетсек, буга чейин шаардыктарды тейлеген кичи автобустардын айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштаган.