Жаңылыктар
Америка тарап Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында жардам берүүгө даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Америка тарап Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында жардам берүүгө даяр

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Монтана штатынын генерал-адъютанты, АКШнын генерал-майору Джон Ронек менен жолугушту. 

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелери талкууланды. Америка тарап өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууда Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин ырастады.