Жаңылыктар
Афганистандагы кырдаал жана анын түрк тилдүү өлкөлөргө тийгизген таасири талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Афганистандагы кырдаал жана анын түрк тилдүү өлкөлөргө тийгизген таасири талкууланды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Афганистандагы кырдаалга жана анын түрк тилдүү өлкөлөргө тийгизген таасирине арналган кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө тараптар афгандар аралык диалогго көмөк көрсөтүү жагынан кеңешке кирген өлкөлөрдүн демилгелерин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги бир катар маанилүү маселелер боюнча Афганистан менен келечекте өз ара аракеттенүүнүн багыттарын белгиленди. Тышкы иштер министрлери эл аралык коомчулук тарабынан Афганистанды гуманитардык каатчылыкты болтурбоо жана Афганистандын элине кыш алдында жардам көрсөтүү үчүн өз убагында чара көрүү зарылдыгын белгилешти. 

Руслан Казакбаев Афганистандагы азыркы оор кырдаалдын гуманитардык жүк жеткирүү боюнча маселелерди конструктивдүү чечүү механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз тарап эл аралык коомчулукту, анын ичинде түрк тилдүү өлкөлөрдү чектеш Афганистанда тынчтыкка, бейпилдикке жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн максаттуу аракеттерди көрүүгө чакырды.