Бишкекте баасы 200 миң сомдук баңгизатты сатып алууга жана сатууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мекеменин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Аламүдүн райондук милициясы менен биргеликте Бишкекте баңгизаттарды сатып алуу учурунда 23 жаштагы жаранды кармашкан. Анын чөнтөгүндө 18 даана кызыл түстөгү атайын “термо” каптары алынган. Алардын ичинде жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылган. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө дагы бир жаран өз ыктыяры менен Бишкектин аймагында баңгизаттарды атайын калтырылган жерлерди көрсөтүп берген.
Мындан сырткары Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринде бул кылмышка катыштыгы бар 22 жаштагы жаран баңгизаттарды саткандыгын мойнуна алып, катылган баңгизаттарды көрсөтүп берген. Аталган факты жазык кодексинин 267-беренеси боюнча катталды. Шектүүлөргө карата тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо аракеттери жүргүзүлүүдө.