Жаңылыктар
Таласта мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөн жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөн жаран кармалды

Таласта милиция кызматкерлери мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөн жаранды кармады. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү адамдын өздүгү такталып, үйүн тинтүү учурунда мал сарайынан 1 даана “ИЖ-18Е” үлгүсүндөгү 12 калибрлүү курал, 1 даана 16 калибрлүү курал, 1 даана кесилип атайын даярдалган мылтык, гильза жана бычак табылган. Алынган курал-жарактар боюнча соттук экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган жаран тергөөдө сурак берүүдө.