Жаңылыктар
Жер тилкесин опузалап алам деген кызматкерлер колго түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Жер тилкесин опузалап алам деген кызматкерлер колго түштү

Ысык-Көл облусунда жеке ишкер менен сүйлөшүп, эс алуу аймагындагы жер тилкесин опузалап алган Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарынын тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет. 

Пансионатка ээлик кылуу үчүн жабырлануучуга таандык жер тилкесинин жанындагы жерди кызмат адамдын менчигине каттоого мажбурлашкан. "Пара талап кылуу" боюнча кылмышка шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Эми Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тергөө мезгилине карата баш коргоо чарасын карап, алардын аракетине юридикалык баа берилет. УКМК мамлекеттик органдарда коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантат.