Жаңылыктар
Ош шаарына таштанды иштетүүчү завод курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарына таштанды иштетүүчү завод курулат

Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын “Чайна Роад” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү эки тараптуу кызматташууда пландалган долбоорлорду жеринен көрүү максатында келишти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Кытай корпорациясынын Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян баштаган жумушчу топту Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев кабыл алды. Компаниянын өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди көрүп келишти. 

Таанышуунун соңунда калаа башчысы компаниянын өкүлү менен эки тараптуу кызматташуу, жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшту.