Жаңылыктар
Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация ТүркПАнын жыйынына катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация ТүркПАнын жыйынына катышууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын 10-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Түркстан шаарына барды. 

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей төрага Мамытов кесиптеши Нурлан Нигматулин менен жолугушуп, кыргыз делегациясын жылуу тосуп алганына ыраазычылык билдирди. Ал эми Нурлан Нигматулин Талант Мамытов менен биринчи жолу Вена шаарындагы жолугушууда таанышып, бүгүн дагы көрүшүп жатканына кубанычта экенин билдирди.

"28-ноябрдагы парламенттик шайлоо ийгиликтүү өтүшүн каалайм. Ар дайым тыгыз иштешип, ушунтип тажрыйба алмашып туралы", - деди Нигматулин.

Белгилей кетсек, ТүркПАнын Х пленардык жыйыны 28-сентябрда өтөт.