Улуттук статистика комитети 2020-жылдагы маалыматка таянып кыргызстандыктар таштандыдан кантип кутулаарын жазды. Комитеттен билдиргендей, Кыргызстандын жарандары үчүн таштандыдан арылуунун төрт жолу бар.
Алар: контейнерлерге же таштанды жыйнап кетүүчү автоунааларга салып берүү, таштандыны атайын таштанды жайына ыргытуу, өрттөп же көмүп салуу. Бишкек шаарынын тургундарынын 99,1 пайызы, Ош шаарынын 89,6 пайызы таштанды челектерин колдонушат. Ал эми аймактарда таштандыны өрттөө жолу менен жок кылышса, аны көмүп салгандар бар.