Жаңылыктар
Алты айда чет элдик түз инвестициянын агымы көбөйдү - Шыкмаматов
Кыргызстан жаңылыктары
Алты айда чет элдик түз инвестициянын агымы көбөйдү - Шыкмаматов

Президент Садыр Жапаров Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды. Мамлекет башчысы, министрликтин ишинин жыйынтыгынын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү, инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу чаралар тууралуу алдын- ала маалыматын укту. 

Министрдин айтымында, 2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4%га арбыган. Учурда илгерилетүүдө 323, 5 млн доллар суммасындагы 5 долбоор турат. Быйыл жалпы суммасы 75 млн долларлык эки долбоор ишке кирди. Министрлик тарабынан соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча иш жүрүп, инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, Кыргыз-өзбек жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору ишке киргизилип жатканы айтылды.

Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу Инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди. Мамлекет башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даярдыгын жана анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык айтты. Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.