Балыкчы - Барскоон жолуна асфальт төшөлө баштады. Бул жолду реконструкциялоо жмуштары 1 жарым ай мурда башталган.
Балыкчы-Каракол тилкесинин узундугу 141 чакырым. Азыр анын Барскоонго чейинки 25 чакырымы толук оңдолууда. Бул милдетти биринчи жолу ата мекендик компания аткарып жатат.
Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун оңдолуп жатканына ириде жергиликтүү жашоочулар ыраазы болууда. 50 жылдан бери такыр капиталдык оңдоодон өтпөй, жолдун туурасы кичирейип да кеткен. 1 жарым ай мурда бул тилкенин Барскоонго чейинки бөлүгүнүн реконструкциясы башталган.
Жол төрт тилкелүү болуп салынууда. Азыр 25-чакырымга чейинки аралыкта иш кызуу жүрүп жаткан учур. Жалпысынан азыр 160 техника, 450дөй жумушчу бар. Алар жерди кеңейтип, асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады.
Эгер аба ырайы жылуу болуп турса, быйыл 15-чакырымга чейин асфальттын биринчи катмары төшөлөт. Жолду оңдоп жаткан ата мекендик компания убакытка эмес, сапатына көңүл бурууда.
Балыкчы - Барскоон жолунун 5-чакырымынан 22-чакырымына чейинки аралыгында саз жерлер бар. Ал тилкелерди асфальт төшөөгө даярдоо кыйынчылыктарды жаратууда.
Ал эми жолго төшөлө турган майда кум-шагыл ошол жерге бир ай мурда курулган таш майдалагычтан даярдалууда. Аталган жай күнүнө 1000 тоннадай инерттик материалдарды чыгарып жатат.
Долбоордо 30 метр суу түтүгүн киргизүү жана 2 көпүрө куруу каралган. Бул иштерди аткарууда адистер бардык талаптарды аткарып жатышат. Белгилей кетсек, өлкө тарыхында биринчи жолу ири долбоорду ата мекендик “Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы” аткарууда. Буга чейин аларда мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес.