Жаңылыктар
Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенинде жана Кабак бассейнинде көмүр казуу иштери ыкчамдатылат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенинде жана Кабак бассейнинде көмүр казуу иштери ыкчамдатылат

Быйыл “Кара-Кече” көмүр кесиминде кара алтынды өндүрүү бир айга кеч башталды. Көмүр казган шканалар учурда кенди тазалоо жумуштарын тынымсыз жүргүзүп жатат.

Кыш жакындаганда, көмүр казуу солгундап жатканы карапайым элди дүрбөлөңгө салды. Андыктан маселени жөнгө салуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Алиев атайын Кара-Кечеге келди. Иш ыргагын өз көзү менен көрүп чыккан соң, Алиев жумуштарды тездетүү, тапшырмасын берди.

Бул кабак көмүр бассейинен 2021-2022-жылкы күз кыш айларына карата бир млн тоннага чукул кара алтын өндүрүү мерчемделген. Мындан улам кендеги иш ыргакты тездетүү багытында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан отуздан ашык атайын техника бөлүнгөн. Учурда анын жардамы менен кендин үстүнкү катмарын тазалоо иштери жүрүп жатат.

Азиз Аалиевдин Кара-Кечеге болгон иш сапарында белгиленгендей, аба ырайына байланыштуу көмүр казуу иштеринин кечирээк башталганына жана күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашына карабастан, көмүр казуучу ишканалар тарабынан экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыз кылуу планы жетишээрлик деңгээлде аткарылат. Октябрь айынын башында Нарын облусуна жана республиканын башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт. Калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүргө болгон муктаждыгы толук көлөмдө канааттандырылат.

Ошол эле учурда "Кыргыз көмүр" ишканасы бир жуманын ичинде үч жүз миң тонналык эки көмүр кесимди ачуунун алдында турат. Эгерде бул кесимдер убагында ачылып ишке кирсе анда октябрь айынын ичинде үч жүз миң тоннадан ашык кара алтын казылат.

Учурда Кабак бассейнинин көмүр казуучу ишканалары тоо-кен жана кошумча жумуштарды уюштуруу, тоо-кен техникасы менен кенди комплектациялоо боюнча, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын темир жол боюндагы көмүр кампаларына көмүр ташып жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди аткарып жатат. Жеткирилген көмүр Бишкек ЖЭБине жөнөтүлүүдө.