Жаңылыктар
Кумтөрдө иш өз ыргагында
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөрдө иш өз ыргагында

Кумтөр кен ишканасы ушул тапта пландуу режимде иштеп жатат. “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчилиги билдиргендей кендеги казуу жана кайра иштетүү иштери 100% га ишке ашып жатат. 

Компания тарабынан салыктар төлөнүп, бюджетке башка чегерүүлөр боюнча бардык милдеттенмелер аткарылууда. Кызматкерлерге эмгек акысы өз убагында төлөнү берилүүдө. Компания товарларды, жумуштарды жана тейлөөлөрдү аткарып жеткирүүчү уюмдар менен дээрлик толук эсептешти.

Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери андагы иш ыргагында жакшы жакка өзгөрүүлөр болду. Кенде иштеп, убактылуу жашап турууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кызматкерлерге эмгек акысы өз убагында төлөнөт. Азыркы учурда кенге товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алуу боюнча ачык -айкындуулукту камсыз кылган жол-жоболор башталды. Өткөрүлүп жаткан тендерлер компаниянын веб-сайтына дароо жарыяланат.

Убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы ачык, айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулууда. Компаниядагы мурдагы келишимдер дагы тыкыр текшерүүгө алынып, коррупциялык схемалар жок кылынууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев дагы Алай районуна болгон иш сапары учурунда, Кумтөрдө ай сайын 1,5-2 тонна алтын казылып, анын баары учак менен ташылып кетсе, учурда бир да граммы сыртка чыкпаганын белгилеген.

Чындыгында Кумтөрга тышкы башкаруунун киргизилгендигин коомчулук да колдоп берди. Анткени эл кенди адилеттүү башкарууну орнотуу үчүн көп жылдар бою ийгиликсиз күрөшүп келсе, азыркы тапта бийликтин Кумтөр боюнча саясаты толугу менен жактырылды. Эми мындан аркы “Кумтөр” кениндеги иштер дагы ачык-айкын жана таза жүргүзүлүшү шарт.

Кумтөр боюнча келишимди мамлекеттин пайдасына кайра карап чыгуу боюнча азыркы бийликтин кадамында элдин колдоосу башкы ролду ойноду. Эксперттердин баамында мында Президенттин, соттун, парламенттин жана эң башкысы элдин позициялары дал келди. Андыктан эл аралык аренада көтөрүлүп жаткан маселеде, кыргыз тараптын эл аралык арбитражды утуп алуу мүмкүнчүлүгү чоң-дейт эксперттер.