Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан карыжыланган желимден идиштерди жасаган завод ишке кирди.
Бишкек эркин экономикалык аймагында ачылган ишкана кожоюндары бир жылда 9 млн долларлык киреше табууну пландап жатат. Себеби өндүрүштүн 90% экспортко чыгарылат. Заводдун жабдыктары электрондук негизде башкарылып Борбор Азиядага мыкты ишканалардын катарына кирген.
Азырынча заводдо 80ден ашыгыраак жумушчу эмгектенет. Аларга техника менен иштөө үйрөтүлүп, учурда дээрлик бардык кызматкерлер заманбап башкаруудагы аппараттын жардамы менен чийки заттын даяр болгонго чейинки этабын өздөштүрүштү.
Заводду ишке киргизүүгө 6,3 млн доллар каражат сарпталды. Анын 3 млн доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржылады.
Заводдо аппараттын жардамы менен 220 градус ысыкта эритилген желимден 10 секундда төрт чака даяр болот. Бир күндө 30 млн ашык даана ар кандай өлчөмдөгү идиштер чыгарылат.
Азырынча ишкананын бир жылда желим идиштин 65 миллиондон ашык түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондо мындай ири завод жылына 23,6 млн сом мамлекетке салык төгүп турат.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду пандемиядан кийин өзгөчө аймактардагы өндүрүш, айыл-чарба тармагына ыктаган долбоорлорду колдоого алды. Азыркы тапта 50дөн ашык долбоордун каржылоо кезеги жакындап калды, жалпы суммасы 250 млн доллардан ашат.
Завод өндүрүшкө керек болгон чийки затты ички рыноктон сатып алып, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылууну көздөйт. Эгерде жумуш туруктуу болуп, түзүлгөн келишимдер ишке ашса жакынкы жылдары өндүрүштүн көлөмүн арттыруу планы бар.