Жаңылыктар
Кыргызстан - Азербайжан алакасы. Кыргыз тараптын аймактар аралык диалог боюнча демилгелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Азербайжан алакасы. Кыргыз тараптын аймактар аралык диалог боюнча демилгелери талкууланды

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжандын Тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. 

Тараптар эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары активдештирүүгө умтула тургандыгын ырасташты. Бул контекстте Тышкы иштер министрликтери аралык саясий консультацияларды жана экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарын уюштуруу маселелери каралды. Көп тараптуу уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин, 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, кыргыз тараптын аймактар аралык диалог боюнча демилгелерин талкуулашты. 

Азербайжан тарапка эки мамлекеттин жарандарынын өлкөлөр ортосундагы саякатын өбөлгөлөө максатында Кыргызстандын эмдөө паспортун таануу процессин тездетүү өтүнүчү айтылды. Көп тараптуу уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү жана колдоо маселеси өзүнчө каралды. Тараптар алдыда боло турган байланыштардын графигин жогорку деңгээлде талкуулашты.