Жаңылыктар
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн кеңешме өткөрдү. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлүп жаткан чаралар, коронавирус илдетине бөгөт коюу үчүн кызматкерлер арасындагы санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы жана туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча ыкчам маселелер талкууланды. 

Ал эми ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле министр жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоону, профилактикалык иштерди күчөтүүнү, айдоочулар менен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери, орун басарлары катышып маселелер боюнча облусттардын, шаарлардын аймагындагы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. 

Ар бир жетекчиге онлайн чогулуштун жүрүшүндө ишмердүүлүктү жакшыртуу үчүн кошумча тапшырмалар берилди. Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкуулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убак-убагы менен өткөрүп турат.