"Кумтөр" маселесинде, өлкө кызыкчылыгын биринчи орунга койгон президенттин аракетин колдойм - деген пикирин белгилүү тарыхчы, публицист, “Мурас” фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов билдирген. Анын айтуусунда, кенди иштетүүдө келтирилген экологиялык зыянды толук бойдон "Центерра" компаниясы калыбына келтириши керек.
Ошону менен бирге, окумуштуу ошол экологиялык зыянга алып келүүгө жол ачып берген кыргыз бийлиги да күнөөлүү экенин, аны да эске алуу зарылдыгын белгилеген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында "Кумтөр" кенине тышкы башкаруу киргизилген. Ага чейин, кыргыз тарап "Кумтөр" алтын кенин иштеткен канадалык "Центерра" компаниясын кенди иштетүүдө экологиялык зыянды төлөтүү боюнча соттон утуп алган. Кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөр" кениндеги алтынды казып алуу иштерин үзгүлтүккө учуратпай иштетүү аракеттерине карабай, субъективдүү тоскоолуктар жаралып келүүдө. Биринчиси, Лондондогу баалуу металлдар рыногунун катышуучулары ассоциацясы тарабанынан Кара-Балта аффинаждоо заводун “ишенимдүү жеткирүүчүлөр” тизмесинен чыгарып койгон.
Жыйынтыгында, "Кумтөр" кенинен чыккан алтынды бул уюм аркылуу сатуу токтоп калган. Экинчи чоң тоскоолдук - кендеги ири жүк ташуучу унааларга тетиктерди сатууну сот аркылуу "Центерра" компаниясы токтотуп койгон. Бирок, финансы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык, кыргыз тарап тоскоолдуктар болорун алдын ала божомолдогон жана алтынды сатуунун альтернативдуу жолдору изделүүдө.