Жаңылыктар
"Кумтөр" боюнча абал оңой эмес, бирок бул баарыбыз үчүн өтө зарыл болчу - Төлөнбек Абдыров
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" боюнча абал оңой эмес, бирок бул баарыбыз үчүн өтө зарыл болчу -  Төлөнбек Абдыров

"Кумтөр" боюнча абал азыр албетте оңой эмес, бирок бул баарыбыз үчүн өтө зарыл болчу. Ошондуктан, мен көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле Президенттин бул багыттагы демилгесин колдойм " - деген пикирин мамлекеттик агенттиктердин коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин төрагасы, Эл аралык университеттин экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров билдирди. 

Анын айтымында, "Кумтөр" - келечек муундарга, инвесторлор менен кантип бизнес жүргүзүү мүмкүн эместигин көрсөттү. Анын кесепеттери - талкаланган мөңгүлөр, экология, төгүлгөн цианидди башыбыздан өткөрдүк. Мунун баары кылмыш, бул кылмышка биздин чиновниктер катышкан. Канаданын өзүндө жана башка цивилизациялуу өлкөлөрдө мөңгүлөргө өтө этият мамиле жасашат. Аны талкалап, жок кылуу чоң кылмыш деп эсепетелет" - деди экономист.