Чүй облусунун аймагында 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин 3 миң 227 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 51 айдоочу мас абалында унаа башкарганы, 1 257 жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу, 26 айдоочу рулга документи жол отурган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 71 унаа токтотулган.