Жаңылыктар
Президенттин Ош облусуна сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Ош облусуна сапары

Ооганстандагы этникалык кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу жана аларга турак жай куруу боюнча президент тиешелүү органдарга ушул жылдын жаз айларында бир катар тапшырмаларды берген. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында, Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жер аянты жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган. Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт. Президент оогандык кыргыздарды тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгилеп, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды. Келечекте бул жерде 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Өз кезегинде райондун аксакалдары президенттин Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын колдой тургандыгын баса белгилешти. Анткени алардын оор турмуш шарттарында жашаганына кайдыгер карап тура алышпайт.

Президент менен баарлашууда жергиликтүү тургундар аймактагы турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Сөз соңунда президент бул жерде курула турган билим берүү жана социалдык мекемелерди куруунун маанисине токтолуп, бул айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз Мекенинин гүлдөп өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деген ишеничин билдирди. Памирден келип тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун деген каалоо тилектер да айтылды.