Бишкекте "Үмүт" эл аралык кино форуму жыйынтыкталды. Тогузунчу ирет өтүп жаткан бул кино форум СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналды.
Форум жыл сайын КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүп келет.
Эл аралык форумга Россия, Молдова, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Азербайжан, Бельгия жана Франциянын жаш кинорежиссерлору катышты.
Кече 24-сентябрда жыйынтыкталды. “Үмүт” форумунда мыкты деп табылган кино жаратмандарга баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылды.