Жаңылыктар
Казакбаев БУУнун Өнүктүрүү Программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Казакбаев БУУнун Өнүктүрүү Программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолугушту

БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанга жаратылышты коргоо багытында көмөк көрсөтөт. 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын администратору Ахим Штайнердин жолугушуусунда курчап турган чөйрө менен климат жаатында кызматташуу, тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Казакбаев буга байланыштуу Кыргызстандын демилгелерин колдоого, мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Ахим Штайнер өлкөнүн “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш аракеттер” концепциясында каралган иш-чараларды колдоого даяр экенин билдирди. 

Ал климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселеге өзгөчө токтолуп, бул боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Глазго шаарында өтө турган жыйынында Кыргызстандын максаттарын дүйнө коомчулугуна жеткирүүгө чакырды.