Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолугушту.
Аршад Таки элчи Тотуяевди Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Элчи Тотуяев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу маалымат берди, ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын тарыхый жана маданий тыгыз байланыштарын белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, медициналык билим берүү мекемелерин текшерүү жаатында тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын бир катар медициналык жогорку окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясы тарабынан таануу жолдорун талкуулашты.