2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Иш-чара Президенттин Администрациясы, Экономика жана финансы министрлиги тарабынан уюштурулду.
Кыргызстандын 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоору өлкөнүн 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын биринчи этабы боюнча деталдаштырылган документи болуп саналат.
2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоорунун башкы принциптеринин бири – узак мөөнөттүү Стратегия 2040 документинде каралган мамлекеттик саясатты улантуу – адамга көңүл буруу, анын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү жана чөйрөнү калыптандыруу.
Мамлекеттин билим берүү жана саламаттыкты сактоого сарптаган чыгымдары келечекке инвестиция катары каралат. 2026-жылга чейинки программанын негизги тапшырмалары – адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрөнү калыптандыруу.
Анда өзгөчө көңүл социалдык-маданий өнүгүүсүнө, коомдук саламаттыкты сактоо тутумун кескин реформалоо, санариптик технологиялар негизинде баштапкы медико-санитардык жардамды чыңдоо, жер-жерлердеги социалдык кызматты өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, билим берүү тутумуна жан башына каржылоону киргизүү, бизнести мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө тартуу, социалдык-медициналык жана медициналык кызматтарга бурулат.