Мамлекеттик кадр кызматында “Ачык эшиктер” күнү өттү. Кадр тандоодо алгач сынак жарыяланат, андан соң документтер чогултулуп компьютердик тестирлөө өткөрүлөт.
Билимди баалап текшерүүнүн эң натыйжалуу жана ишенимдүү жолу бул- тестирлөө дейт тест тапшыруу борборунун жетекчиси Гүлнара Ибраева. Айтымында, тесттин суроолору алдын ала даярдалбайт, автоматтык түрдө түзүлөт. Жыйынтыгы да дароо чыгарылат.
Учурда улуттук резервде 371 кадр бар. Алардын ичинен 217си статс -катчы, иш башкармалыктын жана мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын башчылары сыяктуу жогорку кызматтарга, ал эми 154ү мамлекеттик органдардын бөлүм башчыларына жана бөлүм башчыларына талапкерлер.