Жаңылыктар
Эл аралык жарым марафон: борбор калаада жолдор тосулат
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жарым марафон: борбор калаада жолдор тосулат

26 -сентябрда "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык жарым марафонуна байланыштуу жолдор жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, саат 07:00дөн 10:00гө чейин 21 -чакырымда төмөнкү көчө тилкелери жабылат:

 - Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
 - Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
 - Иманалиев көчөсү Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
 - Масалиев көчөсү Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
 - Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Жолдорду жабуу 3 саатка созулат. Андан кийин көчөлөрдүн ачылышы кезек менен болот.