Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Ош жол тилкесиндеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жол тилкесине асфальт-бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жагымдуу болгон учурда курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган.
Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.
Ал автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.