27-сентябрдан 1-октябрга чейин өлкөдө “Digital week” санариптик өнүгүү жумалыгы өтөт. Иш-чаранын алкагында бир нече форум, конференциялар, көргөзмөлөр уюштурулат.
Мында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес коомчулугу, IT сектордун адистери тийиштүү маалыматтар менен бөлүшүп, өлкөнүн экономикасында маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн аныкташат. Ошондой эле катышуучулар маселелерди чечүү жолдорун дагы сунушташмакчы.
Жумалыктын биринчи, экинчи күндөрүндө интернетти башкаруу боюнча Борбор Азия форумун өтөрү пландалган. Бул Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын мамлекеттик оргадарынын, бизнес коомчулугунун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, эксперттердин башын бириктирген аймактык аянтча болот. Форумда интернетти башкаруу, киберкоопсуздук, инновациялар жана улуттук санариптик өнүгүү стратегиялары талкууланат.