Жаңылыктар
ЕАЭБ: Пандемия учурундагы экономикалык алака
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ: Пандемия учурундагы экономикалык алака

Алдыдагы 3-4 жылдын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жасалма тоскоолдуктар толук жоюлушу керек. Бул биримдиктеги төрт багыт- жумушчу күч, капитал, товар жана кызмат көрсөтүүнүн эркиндигин толук камсыздоо максатында ишке ашырылыш керек. 

Уюмдун алкагындагы ушул жана башка маселелер “Пандемия учурунда ЕАЭБдин өнүгүү багыттары” аталышындагы адистердин катышуусунда өткөн тегерек талкуулады. Анда көйгөйлөрдү чечүүнүн бир нече жолдору сунушталды.

Коронавирус пандемиясы учурунда Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында биздин жарандар бир катар жеңилдиктерге ээ болгонун адистер белгилешти. Тактап айтканда, Орусияда мигранттардан ар кандай уруксат кагаздарын талап кылуу, акча которууларда эч кандай чектөөлөр колдонулган жок.