Жаңылыктар
“Түндүк электр” ишканасы электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырган акция өткөрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
“Түндүк электр” ишканасы электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырган акция өткөрүүдө

“Түндүк электр” ишканасы электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырган акция өткөрүүдө. Адистер керектөөчүлөргө электр жарыгын сарамжалдуу колдонуунун бардык жолдорун түшүндүрүп, кандай шаймандарды колдонуу керектиги тууралуу маалымат берүүдө. Иш-чара күз-кыш мезгилинде электр энергияга болгон тартыштыкты болтурбоого багытталган.

Үйдү жылуулап, кадимки лампочканы токту азыраак жегенине алмаштырып, газ менен жылытуу системасын киргизүү- мунун баары электр энергияны эки эсе үнөмдөйт. Контролёр Руслан Шейшенов өзүнүн мисалында электр энергияга кеткен чыгымдарды кыскартууга күч жумшаган. Андан тышкары ал дээрлик күн сайын керектөөчүлөргө электр энергияны сарамжалдуу пайдалануунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп келет.