Сот системасындагы коррупция менен максаттуу күрөшүү. Бул багытта ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси өтүп, жемкорлукка каршы системалык күрөш кеңешменин аянтчасында талкууланган артыкчылыктуу маселелердин бири болду.
Жыл сайын уюштурулуп келген жыйынга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып, 8 мамлекеттин судьялары катышты. Онлайн жолугушуунун жыйынтыгында бийликтин сот бутагын жакшыртуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 16- кеңешмеси Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында онлайн форматта өттү. Казакстан, Пакистан, Индия, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын фемида кызматкерлери сот тутумунун эң актуалдуу маселелерин жана аларды чечүү жолдорун талкуулаганга чогулду. Күн тартибинде тутумду санариптештирүүдөн баштап, сот процесстериндеги технология да камтылган.