1-августтан баштап аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Ошондо офицердик курамдын маянасына 50% ал эми сержанттардын айлыгына 30 % кошулду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскат Оморов билдирди. Аскер кызматкерлеринин маянасы буга чейин акыркы жолу 2011-жылы көтөрүлгөн болчу.
Аскер кызматкерлеринин айлык акылары буга чейин 2011-жылы жогорулаган, ал эми пенсиялары 2014-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда аскердик тармакта иштеген кызматкерлердин 50% ашыгы пенсияга чыккандар. Талап боюнча жашына карабай эмгек стажы 20 жыл болгондор пенсияга чыгышат.
3 жыл мурда сержанттардын айлыгы 30% көбөйтүлгөн. Мындан улам бул жолу алардыкы 30% ал эми офицердик курамдын маянасы 50% жогорулады. Бул сумма орто эсеп менен 5 миң сомдон 35 миң сомго чейин кошулду дегендик.
Аскер кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүүдөн сырткары учурда аскердик ипотека долбоору ишке кирди. Анда турак жайы жок кызматкерлерге 20 жылга төмөн пайыз менен ипотекага үй алса болот. Бир айлык төлөнүүчү сумманын 9 миңин министрлик, калган айырмасын кызматкер төлөйт. Азыркы тапта тизмеге турган кызматкрелердин саны такталып, айрымдары турак жайлуу боло баштады.