Жаңылыктар
Жыл башынан бери 49 курулуш жана капиталдык ремонт объектилери бүткѳрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери 49 курулуш жана капиталдык ремонт объектилери бүткѳрүлдү

Курулуш агенттиги тарабынан 2021-жылдын башынан 49 социалдык объектилери бүткөрүлдү. Анын ичинен 39 курулуш жана 10 капиталдык оңдоп-түзөө объекттери. Белгилей кетсек, аталган объектилери ар кандай каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлгѳн.

Алар, 43 объекттиси республикалык бюджеттин эсебинен, 4 объект Сауд Өнүктүрүү Фонддун насыялык каржаттарынан жана 2 объект – “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” коомдук фонддун каражаттарынан.

Регионалдык мааниси боюнча, Чуй облусу жана Бишкек шаарында -5 объект бүткѳрүлдү, Баткен облусу боюнча – 9 объект, Жалал-Абад облусу боюнча - 7 объект, Ысык- Көл облусу боюнча - 5 объект, Нарын облусу боюнча – 4 объект, Ош облусу боюнча – 18 объект жана Талас облусу боюнча 1 объект.

Ал эми, тармактар боюнча 23 мектеп (14 мектеп толугу менен, 8 окуу корпусу, 1 спорттук зал), 7 бала бакча, 8 саламаттык сактоо объекттери, 4 маданият тармагындагы объекттери, 2 ичүүчү суу менен камсыздоо объекттери жана 5 башка объекттери.