Жаңылыктар
Калыйнур Үсөнбековдун 100 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Калыйнур Үсөнбековдун 100 жылдыгы белгиленди

Борбордо Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун 100 жылдыгы белгиленди. Иш-чара баатырдын наамын алып жүргөн Куралдуу Күчтөрдүн аскер окуу жайында өтүп, маараке институттун аймагындагы Калыйнур Үсөнбековдун айкелине гүл чамбар коюу менен башталды. Эскерүү кечесинде Үсөнбековдун мекен алдындагы милдетин аткарууда жасаган аракети, анын басып өткөн өмүр жолу келечек жаштарга үлгү болоору айтылды.

Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков кырчындай 21 жашында мекени үчүн күчүн аябай, душман менен күрөшкөн. Ал 1942-жылы армияга чакырылып, ошол эле жылы кенже лейтенанттардын курсун бүтөөрү менен согушка аттанган. Жаштыгына карабай Одер дарыясынын боюндагы салгылашта жоокерлерди чабуулга баштап, душмандар менен болгон салгылашта Советтик армиянын жоокерлери жеңген. 

Согуштан кийин Калыйнур Үсөнбеков аскер прокуратурасында, ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Куралдуу күчтөрдө жалпысынан 45 жыл эмгектенип, генерал-лейтенат аскердик даражасына чейин жеткен. Баатыр, эли жери үчүн күйгөн инсан катары эле эмес, үй-бүлөсү, жакындары үчүн боорукер, кайрымдуу адам катары эсинде калды. 

Калыйнур Үсөнбеков Түп районунун Ой-Булай айылында төрөлгөн. 2003-жылы 82 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Баатырдын 100 жылдыгына карата жаркын элеси анын ысымын алып жүргөн окуу жайда эскерилди.

Калыйнур Үсөнбеков эрдиги, мекен алдындагы аткарган кызматы үчүн Ленин, Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, үч Кызыл Жылдыз ордендери жана бир катар медалдар менен сыйланган.