Жаңылыктар
Сугат сууну үнөмдөп, түшүмдү арттыруу зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Сугат сууну үнөмдөп, түшүмдү арттыруу зарыл

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги буудайды жөөктөп себүү ыкмасын сунуштап жатат. Мекеме аймактардан дыйкандарды чогултуп, айдап-себүүнүн жаңыча ыкмасын көрсөттү.

Мындай ыкма өлкө түштүгүндө колдонулган учурлар бар. Ош облусунун тургуну Элтай Каримов сапаттуу үрөндү пайдаланып, күздүк буудайды жөөктөп сээп, бир гектардан 60 центнерден түшүм алган. 

Бишкекке жакын Жаңы Пахта айылында буудайды себүүнүн эки ыкмасы тең колдонулууда. Келээрки жылы түшүм кайсы аянттан көп алынса, ага жараша дыйкандарга сунуш берилет. Тармактык мекеме жөөктөп себүүнүн артыкчылыктарын санап жатат.

Айдоо аянтында уюштурулган атайын окутууга жер-жерлерден дыйкандар чогулду. Аларга жөөктөп сугаруунун артыкчылыктары айтып берилди. 

Быйыл суу тартыштыгынан улам дан эгининин түшүмдүүлүгү 25 пайызга кыскарды. Бул жагдай буудайды себүү, сугаруу ыкмаларын кайра карап чыгуу зарылчылыгын көрсөттү. Себеби кургакчылык кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми натыйжалуу ыкмада себүү, сугаруу үчүн керек болгон техника, шаймандарды сатып алууда Айыл чарба министрлиги буюртма берүүгө көмөктөшөт. 

Кыргызстандын үрөндөн сырткары, тамак-аш үчүн буудайга болгон жылдык муктаждыгы 750 миң тоннаны түзөт. Азырынча өлкө ичинде анын жарымы гана камсыз кылынууда. Калганы Казакстандан импорттолот. Быйыл күздүк буудай 180 миң гектарга себилээри күтүлүүдө.